Укук коргоочу: Камактагы журналисттер түрмөдө да иштеген

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова сотту жабык өткөрүү — журналисттердин маалымат алуу укугун бузуу экенин билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар журналисттердин иши карала баштаган күндөн бери эле ЖМК өкүлдөрү, айыпталуучулардын жакындары да катыша алсын деп, сот отурумдарын кененирээк залда өткөрүүнү өтүнүп келишет.

Абдирасулова камактагы журналисттер түрмөдө отурганда да иштегенин белгиледи.

«Махабат [Тажибек кызы] айтып жатат: “Биз түрмөдө жөн эле отурган жокпуз, ал жерде иштедик. Биз менен чогуу укугу бузулуп отургандарга кеңештерибизди айтып, өз укуктарын коргой ала турган абалга жетишине жардам бердик. Ошолордун бир нечеси өзүлөрүнүн күнөөсүз экенин далилдегенге мүмкүнчүлүк болуп, эркиндикке чыкты” деди. Журналисттер менен жарандык активисттердин түрмөдө да жумушу болот экен», — деди ал.

Temirov Live'дын азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин иши боюнча кийинки сот отуруму 10-октябрда өтөт.