Бишкекте өспүрүм кыздарды сойкулукка мажбурлоого шектелгендер кармалды

Image descriptionБишкек шаардык милициясы 24-сентябрдагы рейд учурунда жашы жете элек кыздарды коркутуп-үркүтүп интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жатышканын аныкташкан.

Милиция бул учурду каттоого алып, «Сойкулукка тартуу» бернеси менен иш козгогон. Шектүү катары 19 жана 29 жаштагы эки аял кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү жүрүп жатат.