Жогорку кызматтагы адамдардын атын жамынып, шылуундук кылууга шектелгендер кармалды

Жабырлануучу Чүй облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Милициянын маалыматына ылайык, ал 2023-жылы жазында Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө таандык жер тилкесин каттатып берүүнү убадалаган эки жаранга өзүнүн унааларына ишеним кат жазып берген.

Анын айтымында, алар жогорку кызматтарда иштеген адамдар менен байланышы бар экенин айтып, жер тилкесине көп кабаттуу үй куруларын айтышкан. Жабырлануучу унааларын берүү жөнүндө ишеним кат жазып бергенден кийин алар из жашырып кетишкен.

Милициядан бул жарандарга каршы дагы бир жабырлануучу арыз жазып, алдамчылык жол менен анын 380 миң долларын алып коюшканына даттанган.
Шектүүлөр келтирген жалпы чыгым 41 млн 277 миң 310 сомду түзгөн.

32 жана 57 жаштагы шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Текшерүү учурунда алардын жанынан УКМК кызматкеринин жасалма документи табылган.