Араванда келиндин үйүнө кирип барып, аны зордуктоого аракет кылган тургун кармалды

Image descriptionОш облусунун Араван районунда айылдаш келиндин үйүнө кирип барып, аны зордуктоого аракет кылган тургун кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 27-сентябрда, келин балдарына тамак жасап жатканда болгон. Үйүнө кирип келген айылдашы эшиктерди бекитип, аялга кол салган.

32 жаштагы келин милицияга арыз менен кайрылган. Бул боюнча «Зордуктоого аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 28 жаштагы тургун кармалып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.