Улуттук госпиталдын дарыгерлери пара алууга шектелип кармалды

УКМК Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси менен бир дарыгери пара алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип кармалганын билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, аталган бөлүмдүн башчысы менен жакындары 2 млн доллардан ашык суммага бааланган мүлктөргө ээлик кылышат.

«Бул сумма бөлүм башчысынын госпиталдагы иши үчүн алган чыныгы кирешеси менен дал келбейт. Анын бир жылдык кирешеси 400 миң сомду түзөт», — деп билдиришти УКМКдан.

Жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы менен шектүү дарыгер атайын кызматтын тергөө абагына камалды.