УКМК: Мурда Балыкчы шаарын көзөмөлдөгөн Сапа кылмыштуу түшүнүктөн баш тартты

УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Сапа каймана аты бар Балыкчы шаарынын мурдагы «смотрящийи» менен профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Сапа баарлашуу учурунда «иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан баш тартканы» айтылат.

«Мындан тышкары ал мыйзамдарды сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт»,
— дешти атайын кызматтан.