Олжобай Шакирдин иши эртең Жогорку сотто каралат

Image descriptionЖазуучу Олжобай Шакирдин иши 8-октябрда саат 10:30да Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу анын жубайы Назгүл Бейшеке фейсбук барагына билдирди.

Жазуучу «массалык башаламандыкка чакыруу» боюнча беш жылга эркинен ажыратылган. Адвокат Бактыбек Автандил уулу Чүй облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанган.

Шакир 2023-жылы августта камалган. УКМК ал соцтүйүндөгү барагында «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырууну камтыган чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү» жарыялаганын билдирген.

Кармалганга чейин жазуучу фейсбук барагында Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты берүү боюнча митинг өткөрүү ниетин билдирген.