Мамлекеттик ооруканалардын башчыларына жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети 7-октябрдагы жыйынында «Кыргызстанда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алды. Документ мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле маалда жеке клиникаларда да иштөөгө тыюу салат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы жана Бахридин Шабазов.

Алардын айтымында, мамлекеттик ооруканалардын башчылары бир эле маалда жеке клиникаларда иштегенде, жеке кызыкчылыктары коом менен бейтаптардын, ошондой эле мамлекеттин саламаттык сактоо тармагындагы кызыкчылыктарына каршы келген учурларга туш болушу мүмкүн.

«Мамлекеттик медициналык жайлардын жетекчилери көз карандысыз болуп, өз мекемесинин кызыкчылыктарына берилип, жеке клиникалардагы ишинен киреше алууга кызыкдар болбошу керек. [...] Алар өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнап, жеке клиникалардагы ишине алагды болбошу шарт», — деп билдиришти демилгечилер.

Документтин авторлорунун пикиринде, мындай чара коррупциялык схемаларды азайтууга, коомдун дарыгерлерге болгон ишенимин жогорулатууга жана медицинанын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгы орточо эсеп менен 20-25 миң сомду түзөрүн билдирди.

«Бул чоң көйгөй. Жакшы адис 20-25 миң сомго иштебейт. [...] Бул мыйзам мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыктарын жогорулатсак жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо бардык адискөйлөр кетип калат же жемкорлук болот», — деди депутат Элдар Абакиров.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 193 мамлекеттик медициналык мекеме бар.