«Улуттук электр тармагы» ишканасынын башчысынын орун басары камакка алынды

Image descriptionБишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, сот 5-октябрда Аскат Абылаевди 2-декабрга чейин камакка алуу тууралуу ИИМ тергөөчүлөрүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Ал «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси боюнча шектелүүдө.

31 жаштагы Абылаева «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.