Башкы прокуратура: «Тазалыкта» 7 млн сомдон ашык каражат мыйзамсыз коротулган

Image descriptionБишкек шаардык прокуратурасы «Тазалык» муниципалдык ишканасындагы текшерүүнүн жыйынтыгында «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү коротуу же ыйгарып алуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда айрым кызматкерлерге 7,1 млн сомдук 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз берүү менен бюджеттик каражатты коротуу фактысы аныкталган.

«Ишкананын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жана өлкө мыйзамдарын одоно бузган аракеттерге барышкан. Алар ишкананын айрым кызматкерлери менен жеке унааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка адамдардын кызыкчылыгында колдонушкан», — деп билдиришти прокуратурадан.

Бул боюнча шаардык прокуратура тергөө иштерин баштады.