Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыкты

Image descriptionБүгүн, 8-октябрда Жогорку сот жазуучу Олжобай Шакирди үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды.

Анын жактоочусу Бакыт Автандил «Клоопко» сот айыптоолорду күчүндө калтырып, бирок эркинен ажыратуу өкүмүн үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырганын айтты.

Жогорку сот жазуучуну беш жылга эркинен ажыраткан мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөрткөндүктөн ал абактан бошотулат.

Шакир 2023-жылы августта камалган. УКМК ал соцтүйүндөгү барагында «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырууну камтыган чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү» жарыялаганын билдирген.

Кармалганга чейин жазуучу фейсбук барагында Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты берүү боюнча митинг өткөрүү ниетин билдирген.