Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштоодо

Бишкек мэриясы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жарыялады.

Анда «калкка электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында» накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүү сунушталып жатканы жазылган. 

Калаа бийлиги ошондой эле бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде бир нече жолу автобус которуп жүрүүгө мүмкүндүк берген тариф киргизүүнү пландап жатат.

Мэриянын Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Бакытбек Сарымсаков Sputnik Kyrgyzstan басылмасына накталай төлөгөндөр үчүн жол кирене 30-40 сомго чейин көтөрүү каралып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспортто жол кире төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде бир нече жолу автобус которо турган болсо, жол кирени бир эле жолу төлөп калат. 

Былтыр декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жүрүүнүн жаңы тарифин бекитип, ал 2024-жылы январдын ортосунда күчүнө кирген. Ага ылайык, накталай төлөгөн учурда автобустар менен троллейбустарда жүрүүнүн акысы 20 сомду, накталай эмес төлөгөндө 17 сомду түзөт.