Бишкектин вице-мэри накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө берди

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев демилгенин максаты — жарандарды жол кирени накталай эмес — «Тулпар» карталары же каалаган банктын колдонмосу аркылуу QR-код менен төлөөгө өткөрүүгө үгүттөө экенин белгиледи.

«Накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен адамдык фактор деген да бар экен. Автобустарды аябай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү мисалы 1000 сомдук акча берип койсо, аны майдалап, 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар», — деп жазды Ырсалиев Фейсбук барагына.

Вице-мэрдин айтымында, шаар бийлиги жашоочулар менен кеңешип, маселени коомдук талкуу аркылуу чечүүнү каалайт.

«Бирок айрым соцтүйүн колдонуучулары маалыматты бурмалап, “мэрияда келесоолор иштейт” деп жазып жатасыздар. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай, ошону менен бирге көмүскөгө, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаны мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар», — деп жазды ал.

Буга чейин Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Мекеменин Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Бакытбек Сарымсаковдун айтымында, тариф 30-40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн.