Ишкерлер үчүн электр энергиясы кымбаттайт

Image descriptionТиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-октябрда кол койду.

Ага ылайык, электр энергиясына өнөр жай, айыл чарба жана тиричиликтиктен тышкары колдонгон керектөөчүлөргө төлөм 1 кВт саатына 376,7 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча жүргүзүлөт.

Буга чейин ишкерлер 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 287 тыйын төлөп келишкен. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.