Ош: Диний билим берүү мекемелерине видео байкоочу камераларды орнотуу тапшырмасы берилди

Image descriptionНоокатта медреседе болгон окуяга байланыштуу, 8-октябрда Ош облустук казыяты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, күч органдары жана облустагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрдү.

Анда диний окуу жайларда ички тартипке көзөмөлдү күчөтүү, коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Эми диний билим берүү мекемелеринде видео байкоочу камералар орнотулуп, ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдер дайындалат.

Берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюна облус аймагында атайын текшерүү жүргүзүлөт.

Буга чейин Ноокат районундагы медресенин аймагында эки өспүрүмдүн ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири бычактан алган жаракатынан улам каза болуп калган.