Бул тууралуу Минкаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында мектеп жетишсиздиги тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мекеме учурда тиешелүү нормаларды иштеп чыгуу менен алектенүүдө.
«[Курулуш компаниялары] көп кабаттуу үйдүн курулуш планын бизге алдын ала көрсөтөт. Биз ал жакта жашай турган адамдын санына карап, курулуш компанияларын социалдык объектилерди да курууга милдеттендиребиз», — деди Төрөбаев.
Жыйында билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева мектеп курууга Сауд өнүктүрүү фонду 50 млн доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, бул келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп жетишсиздиги маселеси Бишкекте өзгөчө курч. Шаардагы мектептерде 50 миң окуучуга орун жетишсиз.
Жалпы өлкө боюнча 2 173 мамлекеттик жана 204 жеке мектеп бар.