❗️Адвокат Сейитбеков: Ленин райондук сотунун чечимине каршы даттанабыз

Адвокат Улан Сейитбеков Ленин райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышарын билдирди.

«Мен өкүмдү негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейм. Махабат Тажибек кызынын жана Азамат Ишенбековдун күнөөсү алдын ала териштирүү жана соттук угуу учурунда далилденген жок», — деди ал.

Бүгүн Ленин райондук соту Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына алты жыл, ал эми акын Азамат Ишенбековго беш жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Ал эми журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулду. Калган журналисттер кылмыш курамы жок деген негизде акталды.