«Клооптун» негиздөөчүсү Кыргызстандын башкы телеканалынын мурдагы директорунун билдирүүсүнө жооп берет — ал өлкөдөгү калктын көбүн «дакансачы» деп атап, мындай шартта эркиндиктен көрө эркиндиктин жоктугу балким артыгыраак экенин айткан.
Эскертүү: Материал «Пикир» бөлүмүнө жарыяланган — мында автордун жеке пикири баяндалат. Бул тексттин автору «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин. Кайрылууну жазууда ChatGPT нейротүйүнүн (o1-preview жана GPT-4o версиялары) жигердүү колдонгондуктан, аны толук кандуу авторлошу деп эсептейт. Текстке «Клооптун» редакторлору фактчек жасап, редактрледи.
Урматтуу Илим Карыпбеков!
Илим Карыпбеков — өлкөнүн башкы мамлекеттик телеканалы эсептелген КТРКнын (азыр УТРК деп аталат) мурдагы башкы директору. Мурдараак ал президент Курманбек Бакиевдин Катчылыгынын өз ара аракеттешүү кызматын жетектеген.
Жакында эле соцтүйүндөрдөгү тарыхчаларыңызда Кыргызстандагы абал — Орусия, Кытай жана радикал исламчылар тараптан келчү тышкы жана ички коркунучтар, ошондой эле өлкөдө күчөп жаткан экономикалык кыйынчылыктар жөнүндө ой толгоолоруңузду жарыяладыңыз. Сиз Кыргызстандын калкы Ташиев менен Жапаровду колдоо же өлкөнүн толук кыйрашы деген эки тандоонун алдында турат деп тыянак чыгардыңыз.
Кайсы соцтүйүндөрдө? Ал жакта канча катталуучу бар?
Тарыхча Илим Карыпбековдун Facebook (46 миң катталуучу) жана Instagram (103 миң катталуучу) барактарына жарыяланган.
Биздин оюбузча, бул тандоо — жалган. Сиз кырдаалды өтө эле жөнөкөй кылып гана көрсөтпөстөн, Кыргызстан калкынын 90%ы маданиятсыз, билимсиз жана мыйзамды сыйлабайт деп кемсинтип сүйлөдүңүз.
Биздин жооп жеке сиздин өзүңүзгө эмес, билдирүүлөрүңүздө айтылган идеяларга багытталганын белгилеп кеткибиз келет. Биз конструктивдүү талкуу жүргүзүүнү каалайбыз, ошондой эле Кыргызстандын келечеги тууралуу олуттуу жана негиздүү талкууга үмүт кылабыз.
Эскобар аксиомасы
Билдирүүдө сиз кыргызстандыктардын алдына «же Ташиев менен Жапаровдун режимин колдоо», «же алдыдагы өлкөнүн толук кыйрашын тандоо» деген альтернативасыз тандоонун картинасын тартып жатасыз.
Сиз Кыргызстандын эгемендигине доо кетириши мүмкүн болгон Орусия менен Кытайдын таасири, ошондой эле ислам радикализминин коркунучу менен экономикалык каатчылык сыяктуу тышкы коркунучтарга басым жасап жатасыз. Бирок Жапаров менен Ташиевдин башкаруусу гана бизди бул чакырыктардан коргоп калат деген ишаратыңыз адамдарды адаштырат. Эң кызыгы — бул терс сценарийлердин ишке ашуусун дал азыркы жетекчилердин аракеттери тездетиши мүмкүн.
Алсак, Жапаров менен Ташиевдин саясатынан улам өсүп жаткан Кыргызстандын Орусияга болгон көз карандылыгы биздин эгемендикти бекемдебейт, тескерисинче, бизди вассалдык мамлекеттин ролуна жакындатат.
Сиз айтып өткөн Орусиянын Крымды аннексиялап алышы — жарым аралда орус аскерлерин калтырууга мүмкүндүк берген Украинанын мурдагы жетекчилеринин ушул сыяктуу чечимдеринен улам да мүмкүн болгон. Крымдын Орусия менен кургактык аркылуу байланышы жок болгонун эске алганда, жарым аралды «сырттан» келип басып алганга караганда, аскерлерди базалардан эле чыгарып басып алуу кыйла жеңил болгон. (Баса, сиз Крымдагы окуяларды референдум деп атоо менен ал жактагы добуш берүү — аны легитимдүүлүгүнөн ажыраткан аскердик басымдын алдында жүргөнүн эске албай жатасыз).
Орус телеканалдарын көрүп, анда Кыргызстан, Казакстан жана башка мурдагы СССР өлкөлөрү жөнүндө эмнелерди айтып жатышканын угуп көрүңүз — алар үчүн биз мыйзамдуу олжобуз. Ташиев менен Жапаровдун режими өлкөбүздүн аннексиялануу тобокелдигин төмөндөтүүнүн ордуна, мамлекетибиздин Орусияга болгон көз карандылыгын арттырууда.
Радикал исламчылардын революциясы жөнүндө. Эгер жаштар өлкөдө адилеттик таба албаса, негизсиз камоолордон коргонуу үчүн кайрылары жок болсо, бийлик күчтүүлүгүнө салып иш алып барса, анда албетте адамдар тиги дүйнөдө болсо да адилеттүүлүктү убадалаган агымдарга кайрылышат.
Демек, Жапаров менен Ташиевдин башкаруусу — бизди жогорудагы көйгөйлөрдөн коргой турган калкан эмес, тескерисинче ал көйгөйлөрдүн бир бөлүгү болуп калууда.
Ар бир үйгө УКМК
Сиз Кыргызстан азыр «бир аз демократиянын элементтери бар бекем авторитардык өлкө экенин» айтып жатасыз. Бирок бул сыпаттоо азыркы кырдаалдын олуттуулугуна жеткире баа бербейт. Азыр биз Кыргызстанда баштан кечирип жаткан нерселер авторитаризмдин чегинен чыгып баратат — бул тоталитаризмге жакындоо.
Сиз «бекем» деген сөздү колдонгондо балким туруктуу деп айткыңыз келгендир. Бирок Кыргызстан азыр мыйзам түрүндөгү тормузу иштебей калган жана тоталитаризмди көздөй бет алган эки машинист башкарып бара жаткан поезд сыяктуу. Эгер сизге мындай конструкция жана кол менен башкаруу жакса, анда жолуңуз шыдыр болсун демекчибиз. (Бирок поезддин күйүүчү майы — санкциялык агымдардан түшүп жаткан акча — каалаган убакта түгөнүп калышы мүмкүн.)
Сиз «жакшы нерсе» жана эркиндигибиздин баасы деп атап жаткан нерселер — инфраструктура менен жолдордун оңдолушу жана салык реформалары — биринчиден, демократиянын талкаланышын актабайт, а экинчиден — демократиялык өлкөлөр үчүн да толук мүнөздүү. Бирок эч кандай жол, эч кандай инфраструктуралык долбоор эркиндигибизди курмандык кылууга, негизсиз камоолордон коркпой жашоо жана лидерлерден жоопкерчиликти талап кылуу укугуна ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууга арзыбайт.
Эл — «дакансачы»
Бирок сиздин билдирүүңүздөгү эң өкүнүчтүү нерсе — Кыргызстандын коомун эч нерсени жактырбаган, маданиятсыз жана билимсиз деп сыпаттаганыңыз. Муну менен сиз өлкө калктын өз ара уюша албаган жана сыйга татыксыз образын түзүп жатасыз. Сиз Кыргызстандагы калктын «90%» ушундай экенин айтып, бирок бул сөзүңүздү бир нерсе менен ырастоого аракет да кылган жоксуз.
Сиздин өлкөбүздөгү адилеттүүлүк жана демократия үчүн кайра-кайра күрөш жүргүзгөн адамдарды минтип кемсинткенге укугуңуз жок деп эсептейбиз. Ооба, Кыргызстан көйгөйлөргө кабылып жатат, бирок ал көйгөйлөр биздин элдин кемчиликтерине байланыштуу эмес. Алар адилеттүүлүктү камсыз кыла албаган жана репрессияларга барган системага байланыштуу.
Мыйзамдын ордуна коркунуч
Сиз Кыргызстанда жарандар көбүнчө адилеттүүлүктү расмий системадан эмес, Камчы Көлбаев сыяктуу адамдардан издей турганын белгилеп жатасыз. Бирок бул элдин чыныгы адилеттүүлүккө болгон умтулуусун көрсөтүп турат го. Мамлекет болсо адамдарга бул адилеттүүлүктү бере албаганы аз келгенсип, өзү адилетсиздиктин булагы болууда.
Сиз каалаган убакта жана каалаган себептер менен камалып кетүү коркунучу мыйзамга болгон сый-урматты жогорулатат деп жатасыз. Бирок, коркуу менен сый-урмат — эки башка нерсе. Ар бир жаран күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенине карабастан, дайыма камалып кетүүдөн коркуп жашаса — бул мыйзамды сыйлоого алып келбейт, болгону ага карата жек көрүүнү жаратат. Адамдар укуктук системаны өз укуктарын коргоонун каражаты катары кабыл албай калып, ал репрессиялардын куралына айланат.
Мыйзамга карата сый — адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана ишеним болгондо гана жаралат. А коркунуч урмат-сыйды алып келбейт, ал аны жок кылат.
Сиз «дакансачыларды» кайра тарбиялоого мүмкүн эмес деп жатасыз, бирок аларга адилеттүү коомдо жашап жатканын сезүүгө мүмкүнчүлүк берсеңиз, абдан таң каласыз. Адамдар бекеринен Көлбаев сыяктуу коркунучтуу адамдарга кайрылган жок. Алар тобокелдиктерге карабастан, адилеттүүлүк үчүн барышкан. «Дакансачылар» да, башкалар да. Адилеттүүлүккө умтулуу — биздин элдин негизи экенине ишенем, бул мамлекетибиз курулуп жана сактала турган жалгыз негиз.
Бүгүнкү режим азыр Көлбаевдин деңгээлиндегидей да адилеттүүлүктү камсыз кыла албай турганы ачык көрүнүүдө.
Кыргызстан тоталитаризм менен кыйроонун ортосунда тандоо жасоого аргасызбы? Биз андай эмес экенине ишенебиз. Мунун үчүнчү да жолу бар — адилеттүүлүктүн, жоопкерчиликтин жана мыйзам үстөмдүгүн сыйлоонун жолу. Эгер өлкө кааласа, ушул жол менен кете алат. Бирок албетте өлкө муну каалабай, тоталитаризмди тандап да кетиши мүмкүн. Бирок ал эгемендикти жоготуудан, карыздардын тузагынан же радикал исламчылардын революциясынан коргоп калат деп күтпөш керек.