Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечимге курулуш компаниясынын коопсуздук эрежелерин сактабаганы негиз болду.
Буга чейин, 5-октябрда Ош шаарында 16 жаштагы студент 13-кабаттан кулап каза болгон. Ал «Артвин групп Кейджи» компаниясында эки жердеши менен курлуш калдыктарын тазалап убактылуу иштеп жатканы айтылган.
Азыныча ишкана бул окуя тууралуу үн ката элек.