Машыгуу жайындагы кол салуу: Каржылык чатак адам өлүмү менен аяктап, ок жегендер оор абалда

10-октябрда Бишкектин 7-кичи районундагы бокс боюнча машыгуу залындагы ок атуудан бир адам каза болуп, экөө ооруканага жаткырылды. Ички иштер министрлиги буга каржылык пикир келишпестик себеп болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңжал Ы.М жана Н.Ж. аттуу эки кишинин ортосунда чыккан. Биринчи адам Н.Ж. иштеген машыгуу жайына курал менен барып, дооматтын айтып, өзүнө катталган «Сайга» мылтыгы менен аны көкүрөк тушка аткан.

Ок жеген адамдын жанында С.Э. атуу киши болгон. Ал мылтыкты алуу үчүн Ы.М менен кармаша кетип, бутуна ок жеген. Коргонуунун натыйжасында курал менен барган кишинин башына кокустан ок атылып, ал жеринде каза болгон.

Ал эми ок жеген эки адам оорукага жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» экөөнө тең операция жасалып, биринин абалы оор, экинчисиники туруктуу оор деп бааланып жатканын билдирди.

Жергиликтүү басылмалар машыгуу жайына курал менен барып, каза болгон киши Эл аралык бокс ассоциациясынын калысы Мукаш Ырсалиев, ал эми ок жегендердин бири машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев экенин жазды.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта жаңжылдын чыныгы келип чыгуу жагдайлары аныкталып жаткананын белгилешти.

Ал эми ок атуу катталган Орзубек Назаровдун бокс клубу жабылганы кабарланды. Качан иштеп баштаары азырынча белгисиз.