Кечээ Ленин райондук соту Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова соцтүйүндөгү барагына «Махабаттын 14кө чыга элек уулу бар экенин эске алып, судья Кылычбек Истамкулов анын абак жазасын жылдырса болмок» деп билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш кодексинде мындай чара өзгөчө оор кылмыш жасагандарга гана колдонулбай турганы жазылган. Бирок Махабат күнөөлүү деп табылган берене өзгөчө оор болуп эсептелбейт.
«Эмнеге сот бул норманы колдонуп, абак мөөнөтүн уулу 14кө чыкканга чейин жылдырган жок? Бул норманы колдонбоо үчүн ал кандай мыйзамдуу негиздерди келтирди?» — деп кайрылды ал судьяга, Жогорку сотко жана Акыйкатчы институтуна.
10-октябрда Ленин райондук соту жапырт башаламандыкка чакырык жасоо айыбы менен быйыл январда кармалган 11 журналистке өкүм чыгарган.
Ага ылайык, Махабат Тажибек кызы алты,акын Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылды. Дагы эки журналист — Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулду. Калгандары кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.