БУУнун башкармалыгы кыргыз бийлигин журналисттерге чыккан өкүмдү кайра кароого чакырды

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Temirov Live'дын мурдагы жана азыркы кызматкерлерине чыккан соттун айыптоо өкүмүн кайра карап чыгууга чакырды.

Башкармалыктан журналисттердин иши адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык каралышы керектигин белгилешти.

Сөз Temirov Live'дын алты жылга соттолгон жетекчиси Махабат Тажибек кызы, беш жылга кесилген акын Азамат Ишенбеков жана үч жылдык пробация менен бошотулган журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева жөнүндө болууда.

«Кыргыз бийлигин журналисттерди жана башкаларды өздөрүнүн негизги укуктарын, анын ичинде өз пикирин эркин билдирүү укугун ишке ашыруусу үчүн жоопко тартуучу Кылмыш кодексиндеги бүдөмүк нормаларды кайрадан карап чыгууга чакырабыз», — деп билдиришти башкармалыктан.

10-октябрда Ленин райондук соту жапырт башаламандыкка чакырык жасоо айыбы менен быйыл январда кармалган 11 журналистке өкүм чыгарган. Ага ылайык, Махабат Тажибек кызы алты,акын Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылды. Дагы эки журналист — Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык пробация менен бошотулду. Калгандары кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.