Айыл чарба министрлиги Бишкектеги Аламүдүн, Орто-Сай, Ош, Чынар, Ак-Эмир жана Дордой моторс базарларында эт ортомчусуз, дыйкандардын баасында сатылган социалдык аянтчалар ачылганын билдирди.
Министрлик шаар тургундарын ири мүйүздүү малдын жана майда жандыктардын, ошондой эле жылкынын этин аталган аянтчалардан сатып алууга чакырды.
Сентябрдын башында Монополияга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстанда эт кымбаттаганын билдирип, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кой этинин килограммы 13-35 сомго, уйдун эти 40-60 сомго көтөрүлгөнүн билдирген. Анда баалардын көтөрүлүшү экспорттун көбөйүшүнөн улам жаралган тартыштык менен байланыштырылган.
Эттин кымбатташы боюнча даттануулардан кийин Айыл чарба министрлиги мал экспортун токтотуп, Монополияга каршы күрөшүү кызматы баалар турукташканга чейин мониторинг жүргүзүлөрүн билдирген.