УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы жергилектүү кеңештерди шайлоону таза өткөрүү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 12-октябрда Сүлүктү шаарындагы «Бөрү» аскер бөлүгүнүн ачылыш аземинде айтты.
Ал шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү жасады. Ташиев «мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек» деп белгиледи.
«Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. “Депутаттар таза болсун, элге, өлкөгө кызмат кылсын” деп аракет кылып жатабыз. [...] Шайлоого бараткан партиялар, ар бир талапкерди кылдат текшерип чыккыла. Алардын же тууган-уругунун криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, тизмеден чыгаргыла», — деди ал.
Атайын кызматтын башчысы шайлоо учурунда мыйзам бузган талапкерлер катуу жазаланарын эскертти.