Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылып, «мүмкүн болушунча көбүрөөк балалуу болууга» үндөдү. Бул тууралуу ал Оштогу чек арачылардын жана УКМК кызматкерлеринин балдарына арналган «Акылман» бала бакчасынын ачылышында билдирди.
Ал Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн ар бир үй-бүлөдө кеминде 5-6 бала болушу керек деп эсептейт. Атайын кызматтын башчысы Кыргызстан жөндөн-жөн өнүгүп кетпейт деп кошумчалады.
«Биздин кызматкерлердин арасында да бойдоктор, турмушка чыга элек айымдар бар, алардын саны жакында көбөйгөнү аныкталды. Мен аларга "турмушка чыккыла" деп айткам. Көп балалуу болуш керек. […] Бул сиздердин милдетиңиздер, урматтуу келиндерибиз. Эгер катуу айтып койсом, капа болбойсуздар»,
— деди ал.
Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайлары акча жагынан кабатыр болбошу керектигин, атайын кызматта иштегендер турак жай жана каражат менен камсыздалаарын белгиледи.
УКМК төрагасы Кыргызстандын калкы 7 миллиондон ашканын, эми тез арада 15-20 миллионго жетипүү керектигин айтып, башка мамлекеттерден калктын саны жана күч жагынан артта калбашыбыз керек деп кошумчалады.