Биринчи май райондук соту «Улуттук электр тармагы» ишканасынын башчысынын орун басары Аскат Абылаев үй камагына чыкканын билдирди.
Маалыматка ылайык, судья мындай чечимди 8-октябрда кабыл алып, ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Абдылаев 2-декабрга чейин үй камагында болот.
Жергиликтүү басылмалар Абдылаев келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин жазды. Ал эми соттон «Клоопко» чыгымды калыбына келтиргени тууралуу маалымат жок экенин белгилешти.
Абдылаев «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип 5-октябрда кармалган.
31 жаштагы Абылаева «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.