Эскертүү: Материал «Пикир» бөлүмүнө жарыяланган — мында автордун жеке пикири баяндалат. Бул тексттин автору «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин. Кайрылууну жазууда ChatGPT нейротүйүнүн (o1-preview жана GPT-4o версиялары) жигердүү колдонгондуктан, аны толук кандуу авторлошу деп эсептейт. Текстке «Клооптун» редакторлору фактчек жасап, редактрледи.

А келиңиз жиндилик кылып ойноп көрөбүз.

Элестетсеңиз, сиз дүкөнгө кирип, сүт сатып алдыңыз дейли — анан чыксаңыз эле сизди кармап кетишет. Сизге уюшкан кылмыштуу топту колдоо айыбы тагылат. Эмнеге? Көрсө, дүкөндүн ээси кримтөбөл Көлбаевге алым төлөп келген экен. Эми сизди сүт сатып алуу менен анын ишмердүүлүгүн каржылоого жардам бердиңиз деп айыптап жатышат.

Же мындай: гидрометборбордун божомолунда бүгүн күн ачык болору айтылган. Бирок сиз үйдөн чыккандан жарым саат өтпөй чакалап жаан жаай баштайт. Сиз көчөдөгү көлчүктөрдү сүрөткө тартып, инстаграмга чыгарасыз. Бир нече күндөн кийин эртең менен үйүңүзгө милиция кызматкерлери келет. Алар үйүңүздө тинтүү жүргүзүп, буюмдарыңызды аңтарып, үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн бардыгынын смартфондорун жана кызыңыз сабактарын даярдаган ноутбукту алып кетишет. А өзүңүздү жапырт башаламандыкка чакырык жасаганыңыз үчүн камакка алышат.  

Кантип эле дейсизби? Тергөөчү көлчүктөрдүн сүрөтү тиркелген постуңуздан улам нааразы болгон адамдар гидрометборбордун имаратын талкалап салышы мүмкүн болгонун айтып түшүндүрөт. Талкалап салышкан жок. Бирок талкалашы ыктымал эле.

Сиз балким «Менин андай оюм болгон эмес, ал жөнүндө билген эмесмин, менин аракетим эч кандай жаман нерсеге алып келген жок» деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок чынында анын баары маанилүү эмес. А түгүл сизди эмнеге айыптап жатканы да маанилүү эмес.

Сизди алгач убактылуу кармоочу жайдын муздак камерасына камап коюшканы маанилүү. Ал жерде сиз эртең менен кийип үлгүргөн кийимиңиз менен гана болосуз. Жакындарыңыз жылуу кийим берип жибергенге чейин (эгер берип жибере алса) үшүп, жука курткаңызга оронуп отурасыз. Андан соң ТИЗОго жөнөтүшөт, ал жерден сиздин ишиңизге кезектин келишин айлап, балким жылдап күтөсүз. Эми ар бир күнүңүз — аныксыздык жана муздак болот. Ал жакта күндөр түбөлүккө созулчудай сезилет.

Эксперттер келет. Сиздин адвокатыңыз чакырган эмес, объективдүү корутунду чыгара ала турган эл аралык да адистер эмес. Бул эксперттерди сот кабыл албайт. А күн сайын сотторго барып, көптөн бери айыптоо тарапка керектүү корутунду чыгарып көнүп калган эксперттер келет. Алардын сөздөрү ишенимдүү болбойт, бирок: «Бул аракеттер чынында эле сизди айыптап жаткан нерселерге алып келиши мүмкүн болчу» деп айтышат. Аларга ал нерселердин болгон-болбогону маанилүү эмес. Аларга тергөөнүн версиясын ырастоо маанилүү.

Бул аралыкта сиз үй-бүлөңүздүн тагдыры кандай болот деп санаа тартып, камакта кала бересиз. Сиз балаңыздын балдар үйүнө берилерин же туугандарыңыздыкында калтырууга мүмкүн болор-болбосун билбейсиз. Сиз өмүрүңүздүн, үй-бүлөңүздүн кыйрап жатканын элестетесиз. Ар бир күн — жаңы коркунуч, жаңы белгисиздик болот.

Акыры судья ийинин куушуруп: «Эксперттер ушинтип эсептеп жатса, демек өкүм чыгарам» дейт. Анын өкүмү сизди узак мөөнөткө эркиңизден ажыратат. А сиздин «мен билген эмесмин», «андай оюм болгон эмес» деген сөздөрүңүз угулбаган бойдон кала берет.

Үрөй учурчудай угулат, чынбы? Бирок балким сиз биздин мыйзамдар мындай иштебей турганына кубанып жатсаңыз керек. Анткени мындай кырдаалдар мүмкүн болгон коом тез эле хаоско чөмүлөт. Адамдар баарынан — көчөгө чыгуудан, үнүн чыгарып бир нерсе айтуудан же жөн гана өз жашоосу менен жашоодон коркуп калышат. Мындай шартта цивилизация кыйрап, кадимки жашоонун изи да калбайт. Чынында мындай болушу мүмкүн эместей көрүнүшү ыктымал.      

Бирок, тилекке каршы, ушундай кырдаалды дал бүгүн көрүп жатабыз.

Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлорунун журналисттери бийликтеги адамдардын жана алардын жакындарынын коррупциялык иштери жана башка кылмыштары жөнүндө айтышкан. Тагыраагы, журналист кылышы керек болгон ишти кылышкан. А аларды болсо жапырт башаламандыктарга чакырык жасоо айыбы менен камакка алып, соттоп жиберишти.

Жыйынтыгында, коомду чыныгы коркунучтардан коргошу керек болгон мыйзам — адамды айткан сөзү үчүн жазалагыдай чечмеленди. 

Албетте, сиз бул ойго каршы болуп, мындай дешиңиз мүмкүн: «Мен Темиров эмесмин, анын аялы эмесмин, мени эч ким куугунтуктаган жок. Президенттин же УКМК башчысынын мага эч кандай кеги жок. Мыйзамдарды мага каршы эч ким колдонбойт». Бул сөздөр чынында эле логикалуудай көрүнөт. Бирок мындай ишенимдүүлүк өтө аңкоолук болуп эсептелет. Эмнеге? Анткени биздин коом коррупцияга чырмалып калган, тергөөчүлөрдүн, МАИчилердин көбү күн сайын мыйзамдарды акча талап кылуу жана жеке өзүнүн байышы үчүн пайдаланып келет. Бул үчүн аларга Жапаровдон же Ташиевден көрсөтмө алуу керек эмес.    

Эгер азыр Кылмыш кодексиндеги жапырт башаламандыктар беренесин ушинтип чечмелөө мүмкүн болуп жатса, эртең тергөөчүнүн уурулук, адам өлтүрүү же башка каалаган беренени ушундай чечмелешине эмне тоскоолдук кылат?

Сиз дүкөндөн сүт сатып алып, Көлбаевге жардам берүү үчүн камалбай тынч эле чыгып кетем деп ойлодуңуз беле? Чынын айтканда, Темиров боюнча чечимден кийин буга эч ким толук ишенимдүү боло албайт.