Президент мүрзөлөргө таш, мрамор жана темирден эстелик тургузууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөгүн жерге берүү иши жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, тарыхый-маданий мааниге ээ көрүстөндөрдү кошпогондо, мүрзөлөргө таш, гранит, мрамор жана металлдан жасалган эстеликтерди тургузууга тыюу салынат.

Анын ордуна эстелик менен тосмолор жыгачтан даярдалат, алардын бийиктиги 70 сантиметрден ашпашы керек.

Буга чейин Жапаров маркумду жерге берүүдө ашыкча чыгымды азайтуу керек экенин белгилеп, элди мүрзөгө эстелик орнотпоого үндөгөн. Ал өлкөдө түз жерлер аз экенин, эгер сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетилбесе азык-түлүк көйгөйү жаралып, элди турак жай менен камсыз кылуу маселеси курчуй турганын эскерткен.