Эл аралык миграция уюму акыркы төрт жылдын ичинде Орусияда иштеп жүргөн 113 496 миң кыргызстандык мекенине кайтып келгенин билдирди. Бул башка өлкөлөрдөн кайткан кыргыз мигранттарынын жалпы санынын 88% түзөт.
Уюмдун изилдөөсүнө ылайык, бул көрсөткүч боюнча Орусиядан кийинки экинчи орунда Түркия турат. Бул өлкөдөн көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 5 миңден ашык кыргызстандык кайтып келген. Баарынан аз мигрант Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Улуу Британиядан кайткан.
Кыргызстандыктар көбүнчө үй-бүлөлүк себептерден улам — үй-бүлөсү менен кайра биригүү же үй-бүлө куруу максатында мекенине кайтып келишкен. Мындан тышкары мигранттардын кайтышына эмгек келишиминин аякташы, депортация, рублдин кунунун түшүүсү жана жарым-жартылай мобилизация өңдүү факторлор себеп болгон. Ошондой эле мигранттар чет өлкөлөрдөгү коопсуздуктун жана адам укуктарынын жалпы абалына байланыштуу мекенине кайтышкан.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар мекенине эң көп кайткан учур 2023-жылга туура келген. Анда алардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 85% көп болгон. Ошол эле маалда бул көрсөткүч 2021-жылы 21%, 2022-жылы 18% өскөн.
«2021-жылдан 2023-жылга чейин мигранттардын мекенине карай агымынын өсүүсү миграциялык түзүмдүн кыйла өзгөргөнүн көрсөтүп турат. [...] 2024-жылы алардын саны мындан да көп болот деп күтүлүүдө. Азырынчы быйылкы жылдын алгачкы төрт айы боюнча гана маалыматтар топтолду»,
— деп билдиришти уюмдан.
Кыргызстандык мигранттардын эң көп агымы Ош облусуна туура келген. Андан кийин Чүй жана Баткен облустары жана Бишкек шаары жайгашкан.