⚽Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргыз курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

Image description2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоонун үчүнчү баскычындагы оюнда Кыргызстандын футбол курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утту. Беттештеги жалгыз голду 11-мүнөттө Християн Браузман киргизди.

Быйыл Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатына тандоонун үчүнчү баскычына жана 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын 16 шаарында өтөт, ага 48 курама катышат. Тандоо оюндары беш этаптан туруп, чемпионатка Азия өлкөлөрүнөн сегиз тайпа жолдомо алат.

Үчүнчү баскычта Азиядан 18 курама үч тайпага бөлүнгөн. Беттеште 1-2-орунду ээлеген топтор түз эле чемпионатка жолдомо алат. Ал эми 3-4-орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатта ойнойт.

Бул баскычта Кыргызстан Иран, Катар, Бириккен Араб Эмирлиги, Түндүк Корея жана Өзбекстан менен А тайпасында оюн өткөрүүдө.