Билим берүү министрлиги президенттик администрацияны Бишкектеги окуу графигин өзгөртүүгө чакырды

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги колледждер менен жогорку окуу жайлардагы окуу графигин өзгөртүү өтүнүчү менен президенттик администрацияга кат жөнөттү. Бул маалыматты «Клоопко» министрликтен ырасташты.

«Министрлик жогорку жана кесиптик атайын окуу жайлардын жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде графикти кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кат жөнөттү»,
— деп билдиришти мекемеден.

Сентябрдын башында Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледждердин студенттери шаар бийлигинин «жол тыгындарын азайтуу максатында» киргизген жаңы окуу графигине каршы петиция жарыялашкан. Алар көбү коомдук транспорт менен жүргөндүктөн, тыгындын себеби студенттер эмес экенин белгилешкен. Алардын айтымында, сабактар саат 10дон кийин башталып жаткандыктан, студенттер окуусун жумуш менен айкалыштыра албай калууда.

Июлдун аягында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептерде сабактарды 8ден эрте, ЖОЖдор менен колледждерде 10дон кийин баштоо тууралуу токтомго кол койгон.