Депутат скутер, мопеддерди жөө адамдар жүрчү тилкеде айдоого тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мопед, скутер, моторлуу велосипеддердин жөө адамдар басчу жолдо жүрүүсүнө тыюу салууну сунуштады. Документ коомдук талкууга коюлду.

Түзөтүүлөрдүн максаты — жол коопсуздугун камсыз кылуу. Ажибаев мопед жана электр велосипеди менен жүргөндөр көбүнчө «жолдогу милдеттерин билбегендиктен, кооптуу жагдайлар жаралат» деп эсептейт.

«Акыркы жылдары бул унаалар катышкан жол кырсыктары көбөйүп, айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да коопсуздугуна коркунуч жаратууда», — деп айтылат документте.

Ошентип мопед, скутерлерди велосипед жүрчү тилке менен жөө жүргүнчүлөр басчу жолдон айдоого тыюу салынышы мүмкүн. Ошондой эле андай каражаттарды бир колдоп айдоого тыюу салынып, жүргүнчүлөр туулга, колду жана тизени коргоочу каражаттарды тагынууга милдеттендирилет.

Буга чейин Ажибаев Бишкекте мопед жана электр чыгырыктары үчүн атайын шарт түзүлгөнгө чейин аларды колдонууга тыюу салууну сунуштаган эле.