Бишкекте УКМКнын академиясы ачылды

Президент Садыр Жапаров 17-октябрда Бишкекте генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы УКМК академиясын ачты. Анда атайын кызмат үчүн гана эмес, Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүмдөрү үчүн да кадрлар даярдалат.

Президент жаңы академия «коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында» илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болорун белгиледи.

«Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат»,
— деди Жапаров.

Президент буга чейин өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын окуу жайларында окуп келишкенин белгилеп, эми бул багыттагы адистер Кыргызстанда даярдаларын билдирди.

Академия курсанттардын жайлуу жашоосуна жана алардын физикалык даярдыгын жакшыртууга багытталган жатакана, спорттук залдар, стадион, үстү жабылган бассейн сыяктуу бардык шарттар менен камсыздалган.

УКМК академиясынын курулушу 2022-жылы мартта башталган. 2024-жылы февралда президент Садыр Жапаров «улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү системасын калыптандыруу үчүн» академия түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.