Ак үйдүн дарбазасын сүзгөн Ажиевдин апасы 5 500 сом айыпка жыгылды

Image descriptionВебкам-студиялар түйүнүн уюштурганы үчүн тогуз жылга соттолгон Даниэл Ажиевдин апасы 17-октябрда президенттин администарциясынын жаңы имаратын унаасы менен сүзгөнү кабарланган.

Ленин райондук соту Сайкал Ажиевага «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 5500 сом айып салып, коё бергенин билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 14:30дарда болгон. Ажиевдин апасы Ак үйдүн дарбазасын унаасы менен сүзгөн. Кыйкырып, бардык мүлкүн алып коюшканын айткан. Андан соң күзөтчүлөр аны унаага отургузуп, милицияга алып барышкан.