Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, кырсык 18-октябрь түнкү саат 02:50 чамасында Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун Кызыл-Кыя шаарындагы тилкесинде болгон.
Ош облусунун Ноокат районунун 29 жаштагы тургуну Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен чыгышты көздөй баратып каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы тургунунун Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен төрт киши каза таап, дагы төртөө ооруканага жеткирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.