Чаткал: Кар көчкүдө калды делип изделип жаткандардын биринин сөөгү табылды

Image descriptionӨКМдин маалыматына ылайык, маркум 46 жашта болгон. Анын сөөгү тик учак менен штабга жеткирилди.

Куткаруучулар дайынсыз жоголгон беш адамды издөөнү улантууда.

9-октябрда Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынан 14 киши өсүмдүк тамырын тергени тоого кетип, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар сегиз адамды аман-эсен тапкан, калган алты киши кар көчкүдө калганы айтылган.