Ош: Орусиядан 8 жыл мурун карызга алынган автобустар линиядан алынды

Ошто 2016-жылы Орусиядан алынган автобустар 1 ай мурун линиядан толугу менен чыгарылды. Алардын бир бөлүгү грант түрүндө, калганы карызга алынган болчу. Карыз 2026-жылга чейин төлөнөт.

Шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы Саибжан Турдуев автобустардын чыгымдары көп болуп, тез-тез бузулуп жатканы үчүн алынганын билдирди.

«Автобустар кара түтүн чыгарып, майды көп жеп, тез бузулуп баштады. Дизель майын жакшы күйгүзбөгөндүктөн, түтүн күчөп, ыңгайсыздык жаралды. Форсункаларды сатып алуу кымбатка түшөт — 80-85 миң рубль турат. Автобустардын колдонуу мөөнөтү 2025-жылдын экинчи кварталында аяктайт, андан кийин автобустар эсептен чыгарылат», — дейт Саибжан Турдуев.

Учурда 15 гана жарактуу автобус калган. Алардын 12син иштетүүгө болот. Калганы оңдоп-түзөтүүгө муктаж. Эгер элде талап болсо оңдоп кайра ишке киргизилет деп кошумчалады ал.

Аталган 30 автобус 2016-жылы 9-декабрда ишке берилген. Ал учурда шаарды Айтмамат Кадырбаев жетектеген.

2014-2017-жылдары Ош шаарын өнүктүрүү Программасынын алкагында «Коомдук автотранспорттун ишин жакшыртуу» долбоору башталган. Долбоор үчүн Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы каражат бөлгөн. Анын 5,7 млн евросу насыя, ал эми 3,1 млн евросу грант түрүндө болгон. 

Бул каражатка 20 троллейбус, 24 автобус алуу, троллейбустук депо жана линияларды реконструкциялоо пландалган.Бирок 23 троллейбус жана 30 автобус алынган.

Автобустар Орусиянын Ликино-Дулево шаарындагы «Ликинский автобусный завод»  ЖЧКсынан алынып келинген. Алар 104 жүргүнчүгө ылайыкташып, майыптыгы бар жарандар үчүн пандустар менен жабдылган. 

30 жаңы ЛИАЗ-529360 үлгүсүндөгү автобустар 2 млн 699 миң еврого сатып алынган. Ал эми 23 троллейбус 3 млн 98 миң еврого бааланган.

Автобустар 1 ай өтпөй бузулган

Эки жылдык кепилдик менен алынган жаңы автобустар иштегенине бир ай болбой бузула баштаган. Майды көп жеп, айдоочулар күндөлүк планды толтура албай жатышканын ошондо эле айтышкан.

Ар бири 6,5 млн сомго алынган автобустардын насыясын шаар бийлиги 2026-жылдын май айына чейин төлөйт.

«2016 жылы Орусиядан алынган автобус жана троллейбустардын карызын 2026-жылдын май айына чейин төлөп берүү керек. Учурда каражат төлөнүп жатат. Жалпы кредиттин суммасы 5 млн 700 миң евро», — деди мэриянын басма сөз катчысы.

Шаардык кеңештин мурдагы депутаты Абдижапар Аккуловмэрияны техниканы сатып алууда кылдат болууга чакырып, мөөнөтүнөн мурда жарактан чыкса келишимде көрсөтүү керектигин билдирди.

«Орусиядан белекке келген автобустардын техникалык абалын так билбей, документтерине ишенүү туура эмес. Биздин күйүүчү майлардын сапаты да белгисиз, анан абанын булганышына алып келди. Ошондуктан, техникалык абалга дыкат көңүл буруп, мөөнөтүнөн мурда иштен чыкса кимдир бирөөнүн жоопкерчилиги каралышы керек. "Белекке берилген аттын тишин карабайт" дегендей бергенин ала берип, аны иштетебиз деп жүдөп, кайра ашыкча чыгым тартканыбыз туура эмес», — деди Аккулов.

Учурда линиядан алынган автобустардын оордуна Өзбекстандан алынып келинген жаңы автобустар иштеп жатат.