Бишкек: KFC тамактануучу жайында ызы-чуу чыгаргандар кармалды

Ички иштер министрлиги Бишкектеги соода борборлорунун биринде жайгашкан тез тамактануучу жайга кирип барып ызы-чуу салган төрт тургунду кармады.

Окуя 18-19-октябрда болгон. Белгисиз адамдар «Бойкот» деген жазуусу бар кагаздар менен тамактануучу жайга кирип, «күзөтчүлөргө баш ийбестен коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерди жасашкан».

Кийин ал видеолорду өздөрүнүн соцтүйүндөгү барагына жарыялашкан.

Окуяга шектүү катары 24, 26, 29 жаштардагы төрт тургун кармалып, Свердлов райондук милициясына жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.