Мэрдин орун басары: «Тулпар» картасына бийликтегилердин эч кандай тиешеси жок

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев «Биринчи Радиого» жол кирени накталай эмес төлөө боюнча маек куруп жатып, «Тулпар» картасына жогорку кызматтагылардын тиешеси жок экенин айтты.

Ырсалиевдин айтымында, «Тулпар» картасын Бишкек мэриясы швейцариялык «БПЦ» компаниясы менен өнөктөш катары түзгөн.

«Тулпар картасын жогорку бийликтегилердики экен деп иликтөө жасап жиберишти. Эч кандай бийликте отургандардын, алардын үй-бүлөсүнүн да тиешеси жок. Биз менен мамлекеттин жана жеке менчиктин өнөктөштүгү деген бар. 50 пайызы мэрияныкы, 50 пайызы БПЦныкы. Булар 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан компания»,
— деди мэрдин орун басары.

Буга чейин Болот Темиров «Тулпар» карталары боюнча иликтөө жарыялаган. Анда Садыр Жапаров «Тулпар» карталарын жарнамалап, аларды сатуудан чет өлкөлүк компаниялар пайда көрүп жатканы жөнүндө айтылган.

Темиров Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, коомдук транспортто накталай эмес төлөө системасын киргизүү менен алектенип жаткан «БПЦ КГ» компаниясынын түптөөчүлөрүнүн арасында башка да компаниялар бар экенин белгилеген.

Кийин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов президент үчүн эң башкысы — накталай эмес төлөө системасын киргизүү экенин белгилеп, өлкө башчыга «аны ким ишке ашырып жатканынын айырмасы жок» деп билдирген.