Журналист Айке Бейшекеева Free Press Unlimited эл аралык уюмунун Free Press Awards 2024 сыйлыгына татыды. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.
Аталган уюм жыл сайын эки өзгөчөлөнгөн жана кайраттуу журналистке Newcomer of the Year жана Most Resilient Journalist сыйлыгын ыйгарат. Бул жолку сыйлыкка кыргызстандык Айке Бейшекеева менен палестиналык фотожурналист Мохаммеду Заануну татыды.
Бейшекеева буга чейин адам укуктарын жана эркиндигин коргоодогу көрсөткөн каармандыгы үчүн Прагада ал эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына ээ болгон.
23 жаштагы Айке Бейшекеева Temirov Live'дын журналисти. Ал башка кесиптештери менен «башаламандыкка чакырууга» айыпталып кармалган. 10-октябрда аны жана Актилек Капаровду сот үч жылдык пробация менен бошоткон. Долбоор жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты, ал эми акын Азамат Ишенбеков беш жылга кесилген. Бейшекеева сот чечимин адилетсиз деп эсептейт.