Соцтүйүндөрдөгү билдирүүсү үчүн беш жылга соттолгон активист Зарина Төрөкулова абактын айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу анын жакындарына шилтеме кылып жазды.
Активисттин кызы Айман Рысбекованын айтымында, апасын жүрөгү ооруп жатканына карабастан айып изоляторуна киргизишкен.
«Ошол жакта аялдардын укугу бузулуп жатканда, биздин укукту коргоп бергиле деп жетекчиге кирсе, "макул" деп коюп эле арыз жазгандын баарын айып изоляторуна кечээ киргизиптир. 15 суткага киргизиптир, негизи үч же жети күнгө эле киргизет да. Апамдын жүрөгү ооруп жаткан, ага карабай киргизип салыптыр»,
— деди Рысбекова.
Жаза аткаруу кызматы «Клоопко» Төрөкулова айып изоляторуна «ички тартипти бузганы үчүн» киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Төрөкулова изоляторго медициналык кароодон өткөрүлүп, дарыгерлер уруксат бергенден кийин гана киргизилген.
«Жаза аткаруу кызматы КРдин мыйзамдарынын алкагында иш алып барып, бардык белгиленген процедуралар менен нормаларды сактап, камактагылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат»,
— деп билдиришти мекемеден.
Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин чечими менен Төрөкулова айып изоляторунда 15 сутка болот.
Активист Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн 2023-жылы сентябрда кармалган. Анда УКМК ал «жапырт башаламандыктар беренесине туура келе турган чагымчыл материалдарды байма-бай чыгарып келгенин» билдирген.
Мамлекеттик айыптоонун маалыматына ылайык, Төрөкулова Фейсбуктагы «Умай Аруу» аттуу аккаунттун эки маалыматын бөлүшкөн. Анын бири — «Жапаров мафия», экинчиси — «онлайн митинг уюштурабыз» деген билдирүү болгон. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлүп, «активист бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыктарга чакырык жасоого аракет кылган» деген корутунду чыккан.
Төрөкулова Фейсбукта эки билдирүү менен бөлүшкөнүн айтып, өзүнө козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп атаган.