Баткенде 32 жаштагы аял башынан оор жаракат алып ооруканага түштү. Кылмышка шектелип келиндин жолдошу кармалганын «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.
Шектүү камакка алынып, «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Жабыркаган аял Баткен
облустук ооруканасынын
жандандыруу бөлүмүндө.
Абалы оор деп бааланууда.