Иллюстрация: Kloop

Чүй облусунун Александровка айылынын принтер оңдоо менен алектенген 28 жаштагы тургуну Александр Лапикиндин үй-бүлөсү эптеп күн кечирип келет. Алар жакында балалуу болуп, кошумча чыгымдардан улам эң зарыл нерселерге да акча жетпей баштаган. Буга байланыштуу мугалим болуп иштеген жубайы мөөнөтүнөн мурда декреттен жумушка чыгууга аргасыз болгон — анткени үй-бүлөнүн өтө ири суммада карызы бар. 2022-жылы жайында Лапикинге Салык кызматынан чалып, анын 50 миллион сомдон ашык карызы бар экенин айтышкан. Көрсө анын паспорту менен ИП (жеке ишкердик) ачып, Кыргызстандан Орусияга товар ташып жүрүшкөн экен. Буга күнөөлүүлөр соттолуп, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп беришкен. Бирок Салык кызматы Лапикин баары бир 10 миллиондон ашык туумду төлөшү керектигин билдирүүдө. Эмнеге? Жөн эле.       

Паспортумдун көчүрмөсүн эле сурашкан

Александр Лапикин үй-бүлөсү менен Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында жашап, принтерлерди оңдоо менен алектенет. 2021-жылы жайында коронавирус карантинине байланыштуу каржы абалы оор болуп турган Лапикинге досторунун бири кайрылып, анын документтер менен жүк ташуучу ишкана ачууну сунуштаган. Бул үчүн ал 3 миң сом берүүнү убада кылган.

Ошол кезде Лапикин үчүн бул керектүү акча эле. Белгиленген күнү, 13-августта достор Сокулук райондук салык бөлүмүнүн жанынан жолуккан. Бирок ал күнү керектүү бланктар жок болгондуктан, алар ИП ача алышкан эмес. Ал жерде бир нече саат жүргөндөн кийин Александр досу менен дагы бир таанышына паспортунун көчүрмөсүн калтырып, өзү үйүнө кеткен. Кийин ал досуна бир нече жолу телефон чалып, иштер кандай болуп жатканы жөнүндө сураганын эскерет. Тиги ишкана ача албаганын айтып, убадалаган акчаны берген эмес. 

Бирок бир жылдан кийин Александр Салык кызматына 52 миллион сом карызы бар экенин билген. Көрсө анын документтери менен ишкана ачып, Кыргызстандан Орусияга товар ташышкан экен. Ал боюнча экспорттун жалпы суммасы жарым миллиарддан ашкан. 

Убакыттын өтүшү менен негизги карызга туумдар кошула берип, Александрдын карызы 60 млн сомдон ашкан. Ал Салык кызматына жумушуна баргандай каттап калган. Иш бөлмөлөрүн кыдырып, инспекторлор, жетекчилер менен сүйлөшкөн. Акыры ага УКМКга арыз менен кайрылууну сунушташкан.

Кол тамгасы жок экенин байкабай калышкан

2023-жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы салык кызматкери Нуразиз Сатикановго өкүм чыгарган. Ал документтерди жасалмалоого жана өзгөчө ири өлчөмдө карыздан качууга көмөктөшүүгө күнөөлүү деп табылган. Бул кылмыштары үчүн сот Сатикановду алты жылга эркинен ажыратып, анын салык тармагында иштөөсүнө бир жылга тыюу салган. Бирок салык инспектору түрмөгө жөнөтүлгөн эмес: анын абак мөөнөтү үч жылдык пробацияга алмаштырылган. 

Көрсө, Лапикин досу жана дагы бир таанышы менен Салык кызматына барган 2021-жылдын 13-августунда эле Сатикановдун жардамы менен анын атына ИП ачылган экен. Мындан тышкары 2022-жылы мартта милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактурасы киргизилгенден кийин Сатиканов жасалма ишеним кат түзүп, Лапикиндин атынан электрондук кол тамга (санарип кол тамга) алган. 

Албетте, Сатиканов бул документтердин баарын жалгыз тариздей алмак эмес. Ал адистерге кайрылган. Бирок таң калычтуу дал келүү: эмнегедир алардын бири да кыраакылып көрсөтүп, алып келинген документтерди жакшылап карашкан эмес. Сотто Салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Саламат Төрөбеков Сатиканов андан «досу үчүн» ИП ачып берүүнү өтүнүп, ишеним кат алып келгенин айткан. Төрөбеков документтерди тариздеп, ишеним каттын көчүрмөсүн документтер жыйнагына тиркеп, архивге жөнөткөн. Бирок 2022-жылы октябрда Лапикин Салык кызматына келген учурда ал документтерди архивден таба алышкан эмес. 

Электрондук кол тамгаларды берген «Док Тэк Групп» компаниясынын өкүлү сотто документтерди тариздөө менен адатта эки кызматкер алектенерин, алар ишкерлерден толгон-токой документтерди сурап, баарын кылдат текшерип чыгарын айткан. Ал сөзүн «кыязы, Лапикиндин документтери жайында болгон» деп жыйынтыктаган.  

Бирок Лапикиндин ишеним катынын көчүрмөсү кийин «Док Тэк Групптан» табылган. Аны электрондук кол тамга алуу үчүн алып барышкан. Бирок ага Лапикин кол койгон эмес — болгону ИП Лапикин деген гана мөөр басылган. Аны да Александрдын документтери боюнча кимдир бирөө жасап бергендей. Сотто компаниянын өкүлү 2022-жылдын 9-мартында (Лапикиндин документтери алып келинген күнү) «Док Тэк Групптун» кеңсесинде адамдар көп болгондуктан, кызматкерлер ишеним катта ээсинин колу жок экенин байкабай калышканын айткан. Бирок Лапикиндин атынан электрондук кол тамга алуу үчүн ким барганын ачыктай турган камералардагы жазуулар сакталбай калган — видеолор эки айдан кийин өчүрүлгөн.

Ошентип, «катар келген кокустуктардан» улам жөнөкөй тургун мамлекетке ондогон миллион сом карыз болуп калган.

Жүк унаалары чек арадан өтө албай туруп калган

Сатиканов Лапикиндин атына ачылган ишкананын документтерин жана анын санарип кол тамгасын Тахир Мэйсан жана Умар Салихар деген адамдарга берген. Тахирдин Казакстанда бизнеси болгон. Электрондук эсеп-фактурасы киргизилгенден кийин аны тариздөө үчүн анын санарип кол тамгасы жок болуп чыккан. Мындан улам жүк унаалары чек арадан өтө албай туруп калган. Тахир жүктөрүн тариздөө үчүн тааныштарынан ага жасалма ИП ачып берүүнү өтүнгөн. Ал ИП Лапикин болгон. Сатикановдун иши каралып жатканда Тахир Мэйсан сотко мамлекетке келтирилген чыгымды өз каалоосу менен төлөп бергенин ырастаган жана төлөм документтерин көрсөткөн. Ал Лапикиндин атына жазылган салыктын толук суммасын — 52 млн сомду УКМКнын эсебине которгон.   

Сот салык төлөндү деп эсептеп, өз чечимине айып пулдар менен туумдар жөнүндө мындай деп жазган: «Кызыкдар тараптар туумду өндүрүү маселесин жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында чечип алууга укуктуу».

Ал каршылык билдирген эмес — демек, карыз

Жарандык доо арыз көпкө күттүргөн эмес. Салык кызматы Лапикинди салык карызы боюнча чегерилген 14 миллион сомдон ашык туумду төлөөгө милдеттендирүү талабы менен сотко кайрылган. Арызда Лапикин карызы бар экени жөнүндө көп жолу эскертүү алганы, бирок ал боюнча эч кандай каршылыгын билдирбегендиктен, карызды мойнуна алды деп эсептелгени жазылган. Бирок Чүй облусунун Сокулук райондук соту Салык кызматынын бул талабын канааттандырган эмес. Соттун чечиминде ИП Лапикиндин документтерин жасалмалоо иши каралып бүтүп, күнөөлүүлөр жазаланганы, Салык кызматы туум чегерүүдө Лапикиндин төлөнбөй калган салыкка тиешеси жок экенин эске албаганы жазылган. Мындан тышкары сот карыздар боюнча маселени кантип туура чечүү керектигин Лапикинге дал Салык кызматы түшүндүрүп берүүгө милдеттүү болгонун белгилеген.

Александр Лапикин «Клооптун» кабарчысы менен сүйлөшкөндө салык инспекторлору ага карызды жокко чыгаруунун тартибин түшүндүрүп беришкенин эскерди. Ал райондук салык бөлүмүнүн жетекчисинин атына бир канча жолу арыз жазган. Бирок арыздарынын туура катталышын текшербегенин моюнуна алууда.  

«Мен ар бир жолу өзүмдүн инспекторума келип, карыздарга макул эмес экенин жөнүндө арыз жазып тургам. Анан аны канцелярияга алып барып, жетекчисине берип коюуну өтүнчүмүн, — деп түшүндүрдү ал. — Арызды атайын каттатуу керектигин билген эмесмин. Алар ошонумдан пайдаланып кетишти».

2024-жылы августта Чүй облустук соту Салык кызматынын доо арызын карап, Лапикинди 10 миллион сом өлчөмүндөгү салык туумун төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарган. Ошол эле маалда салык органынын дагы 4 миллион сом төлөтүү талабын канааттандырган эмес. Сот буга Александрга ал карыз боюнча билдирүү келбегенин жүйө келтирген.    

Тергөөчү жөн гана келтирилген зыянды өлчөмүн туура эмес эсептеп койгон

Апелляциялык чечим күчүнө кирген. Бирок мыйзам боюнча Александр Лапикин Жогорку сотко кайрыла алат. Азыр ал Салык кызматы менен боло турган ошол чечүүчү кармашка даярданууда. Алгач ал мамлекеттик төлөм үчүн акчаны чогултууга киришти.   

Александрдын үй-бүлөсү үчүн Жогорку сотко арыз берүүдө төлөнүшү керек болгон 60 миң сом да өтө чоң сумма болуп эсептелет. Ал мурдагыдай эле принтерлерди оңдосо, жубайы мектепте башталгыч класстарга сабак берип иштейт. Буга кошумча Александрдын бир жашка эми чыккан уулу да бар. 

«Сотторго акча керек болгондуктан, жубайым декреттен чыгып, жумушка барууга аргасыз болду. Дагы жакшы адвокат ала турган акчасын бөлүп төлөп беришибизге макул болду», — дейт Александр.

Анын өкүлү Сталбек Купешев бул окуя жөн гана укуктук карама-каршылыктан улам келип чыкканын айтат.

«Кылмыш болду, ал чыгымды кылмыш ишинин алкагында өндүрүп алуу керек болчу. Бирок тергөөчүнүн токтомунда келтирилген чыгым катары негизги сумма гана көрсөтүлүп калгандыктан, сот чечим чыгарууда тагылган айыптын чегинен чыга алган эмес, — деп түшүндүрдү Купешев — Кылмыш кодексинин 243-беренесинде (“Салыктан качуу”) кылмыштын курамына негизги сумма, туумдары жана башка бардык чегерилген суммалар да кирери жазылган. Мындан тышкары анда зыяндын негизги суммасы да, туумдары да төлөнгөндөн кийин кылмыш иши токтотулушу мүмкүн экени белгиленген».    

Бирок кийин аныкталгандай, Салык кызматы негизги карызы да, туумдары да көрсөтүлгөн алгачы эскертүүнү Александрдын атына айыптоо корутундусу түзүлөрдүн мурдагы күнү жазып берген. «Чынында тергөөчү чегерилген туум жөнүндө билген эмес», – дейт юрист.

Александр менен анын юристи Сатикановдун шериктеринин тагдыры кандай болгонун жана УКМКга 52 млн сом төлөнгөндөн кийин алардын иши токтотулганын же токтотулбаганын билбейт. 

«Кандай болгондо да, Салык кызматы туумду өндүрүп алуу үчүн зыян келтирүүгө күнөөлүү деп табылган адамдарга кайрылса логикага ылайык болмок. Бирок бул дээрлик мүмкүн эмес, анткени инспекторлор Сатикановдун иши боюнча процесстин катышуучулары болгон эмес, демек, алар кимди сотко берүү керектигин билишпейт», — деп жыйынтыктады Купешев.

Кедейсиңби? Демек күнөөлүүсүң

Жыйынтыктайлы. Салык кызматы башка адамдын кылмышы келтирген зыян боюнча туумду жөнөкөй тургундун моюнуна илип койгон жана буга эч ким күнөөлүү эмес. Жарым миллиард сомдук товарын чыгаруу үчүн атайылап жасалма ИП ачкан экспортер да, товарларды салык төлөбөстөн экспорттоо үчүн документтерди жасалмалаган салык инспектору да (ал абакка да камалган жок), ал документтерди шектүү түрдө дал ошол убакта «жоготуп жиберген» жана азыр туумду кимден өндүрүп алууну «билбей жаткан» салык органы да, келтирилген чыгымды тууму жок эсептеп койгон тергөөчү да.    

Лапикин да күнөөлүү эмес, бирок эмнегедир анын ачык эле көрүнүп турган күнөөсүздүгүн салыкчылар кимге жүктөөнү өздөрү билбей жаткан туумдардын тагдырына көз каранды кылып жатышат.

Чынында шордуу Лапикиндин бир гана күнөөсү бар: ал кедей жана анын байланыштары жок. Эгер Жогорку сот бул кишини коргобосо, парламенттин Конституцияга «күчтүүлөрдүн арасында дайыма күчсүздөр күнөөлүү» деген норманы киргизсе болчудай. Мында биз кандай түшүнүктөр менен жашап жатканыбыз боюнча эч кимде иллюзия калбашы үчүн Кылмыш кодексине эң кечирилгис кылмыш — бул алсыздык деп жазып коюу да туура болор.