Баткен: Алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш тартылды

Мамлекеттик «Мега» байланыш оператору Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотту. Компаниянын башчысы Элнар Субакожоев ал жактан видео аркылуу мамлекет башчысына байланышка чыкты.

«Мега» башчысынын айтымында, телефондор күн энергиясы аркылуу кубатталууда. Ал эми күндөн энергия алуучу панелдер күнү-түнү иштеп жатат — бул үчүн кошумча аккумулятор орнотулган.

«Сиздин буйругуңуз менен «Меганын» кызматкерлери эки күндө [байланышты] туташтырып беришти. Ленинграддагы [Санкт-Петербургдагы] балдарыбыз жана неберелерибиз менен таңкы бешке чейин сүйлөштүк. Рахмат сизге», — деп жергиликтүү тургундардын бири президентке ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы айыл тургундарына алардын калган көйгөйлөрүн бийлик кийинки жылы чече турганын айтты.