Адвокат: Карабаев ооруканадагы апасын карайт

Image descriptionАдвокат Акынбек Ногоев Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катта анын апасы ооруканада жатканы көрсөтүлгөнүн билдирди. 

«Документтерди жыйнап, Жоомарт Карабаевдин апасы ооруканада жатканына байланыштуу, андан тышкары Жазык кодексинин 105-107-беренелеринде көрсөтүлгөн себептерге таянып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп бергиле деп өтүнүч келтирдик. Сот биздин өтүнүчтү карап, иштин материалдарын карап чыгып, гумандуулук принцибине таянып өтүнүчүбүздү канааттандырып берди»,
— деди ал.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту жапырт башаламандыктарга чакырык жасоого айыпталып жаткан Жоомарт Карабаевди эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотту.