Депутат Ашимова: Милицияга үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүгө акча жетпей жатат

Парламенттин 31-октябрдагы жыйынында депутат Динара Ашимова Сокулукта жана Бишкекте болгон акыркы үй-бүлөлүк зомбулук учурларын кошкондо, жыл башынан бери мындай кылмыш иштердин жалпы саны 30га жеткенин билдирди.

«Бир учур Сокулукта болду — жарандык никедеги күйөөсү 22 жаштагы аялдын тырмактарын жулуп, аны өлтүрөйүн деп жатканда милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Эми дагы бир окуя Бишкекте катталды — өгөй атасы 17 жаштагы кызды уурдап кетип, Чүй облусунда өлтүргөндөн кийин Ысык-Көлгө качып кеткен»,
— деди ал.

Ашимова зомбулук менен күрөшүү боюнча мыйзамдар күчөтүлгөнүнө карабастан, натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн милицияга акча жетпей жатканын белгиледи.

«Биз [укук коргоо] органдарынын ишин көп сындайбыз. Бирок баарыбыз билгендей, бул ишти уюштуруу үчүн аларда акча жетишсиз. Адистер жетишпейт, жада калса үй-бүлөлөрдү жаңжалдардан нормалдуу чыгууга үйрөтө турган психологдору да жок»,
— деди ал.

Депутат кесиптештерин 2025-жылдын бюджетин караганда укук коргоо органдарына жетиштүү каражат бөлүнүшүнө көңүл бурууга, ошондой эле шайлоочулар менен жолукканда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча иш алып барууга чакырды.

Үй-бүлөлүк зомбулук — Кыргызстандагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Милиция жыл сайын аялдар ур-токмокко алынган миңдеген учурлар жөнүндө билдирип келет. Бул кыргызстандык аялдар зомбулук жөнүндө айтып чыккан же жаракаттарынын оордугу милицияны кийлигишүүгө аргасыз кылган гана учурлар.