Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Калкты тейлөө борборлору сыяктуу иштеген бул жайларда дыйкандар үчүн маалымат берилет.
«Тейлөө борборлорунда каржылоо, үрөн, селекциялоо, техника, кайсы дары-дармектерди колдонсо болот, жер семирткич жана башка дыйкандарга тиешелүү бардык маалыматтар берилет»,
— деди Төрөбаев.
Жакынкы күндөрү Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында пилоттук долбоор ишке киргизилет.