Кыргызстандык мушкер Тыныстан Алыбаев Черногориянын Будва шаарында өтүп жаткан 17-18 жаштагылар арасындагы бокс боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи.
Ал 92 килого чейинки салмакта күч сынашып, жарым финалда ирандык мушкерге жеңилди.
Ал эми 54 килого чейинки салмакта беттешкен мушкер Амантур Жумаев да коло байгеге ээ болду. Ал былтыр дүйнө чемпиону болгон.
Дүйнө чемпионаты 20-октябрдан 6-ноябрга чейин Черногормяда өтүп жатат. Анда 88 өлкөдөн келген 660 мушкер ат салышууда.