Адвокат Имамидин Ташов соттун чечимисиз эле башка абакка которулганын айтты

Image descriptionИшкер Имамидин Ташов УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок которулган. Бул тууралуу «Клоопко» ишкердин адвокаты Самат Матцаков билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болмок. Бирок аны сотко алып келишкен жок.
Адвокаттар Ташовду УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунан таба алган эмес.

«30-октябрда Ташовду көрүүгө барганбыз. Эшик кулпуланып калып, иштебей жатат деген үчүн кире алган жокпуз. Көрсө ошол түнү аны 31-мекемеге которгон экен. Мен азыр жолугуп келдим. Абалы боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок ал көп кан жоготконун билдирди»,
— деди Матцаков.

Ишкердин адвокаттары шектүүнү башка тергөө абагына которуу боюнча сот отуруму жактоочулар менен өтүшү керек экенин айтып жатышат.

Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз 4-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.