Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулукта аялын балдарынын көз алдында сабаган шектүү жазасыз калбашы керектигин билдирди. Ал мамлекеттик органдарды жабырлануучунун укугун коргоого чакырды.
Учурда аялдын абалы орточо оор деп бааланууда. Дарыгердин айтымында катуу сабалып, денесинде көгала жана гематома бар. Саны кесилип, мээси чайкалып, тырмактары жулунган. Баш мээ жана бөйрөктүн жабыркашы боюнча шек бар.
Жабырлануучу 16 жашында турмушка чыгып, күйөөсү менен жакында миграциядан кайтып келишкен. Учурда 3 жана 6 жаштагы эки кызы апасынын туугандарынын колунда.
Келиндин апасы күйөө баласы буга чейин да кызын коркутканын айтып, неберелери жаңжалды көрүшкөнүн айткан.
«Кыздарынын көзүнчө аялын сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр. Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок, “апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем” деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен. Күйөө балам жазадан кутулуп кетпеши керек»,
– деген жабырлануучунун апасы.
Акыйкатчы институту жабыркаган келинди акысыз жактоочу менен камсыздап, психологиялык жардам көрсөтөт.
Шектүүгө уруп сабап кыйноо беренеси менен иш козголуп, 2 айга камалды.